Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Автоунаалар мажбурлап эвакуациялана баштайт


Тийиштүү мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, мыйзам жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга, жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга, жол тартибин бекемдөөгө, административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексиндеги кемчиликтерди четтетүүгө багытталган.

Кодекске мындан ары “транспортту мажбурлап эвакуциялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу” деп аталган жаңы берене киргизилет. Ал эми мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун колдонуу тартибин өкмөт аныктайт.

Буга чейин жол кайгуул кызматы тарабынан жол эрежесин бузган автоунааларды эвакуациялоо аракети Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз деп табылган. Натыйжада өкмөт тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, долбоорду парламентке сунуштаган.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. (SDz)

XS
SM
MD
LG