Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 18:10

Бразилия конгрессинин төмөнкү палатасынын комитети президент Дилма Русефке импичмент жарыялоону сунуштап жатат. Депутаттар өлкө башчы 2014-жылы президенттикке ат салышып жаткан кезде мамлекеттик бюджеттин абалын жашырган деп күнөөлөп жатышат. Комитеттин көпчүлүк өкүлү импичмент үчүн жетиштүү негиз бар деген пикирде. Эл өкүлдөрү эми “президент сотто жооп бериши керекпи?” деген суроону талкуулап атышат. 17-апрелде көпчүлүк импичменти колдоп добуш берсе, сунуш сенатка жөнөтүлөт. Эгер колдоо тапса Русеф кызматтан кетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG