Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Европа биримдиги Иранга каршы санкцияларды бир жылга узартты


Европа биримдиги Ирандагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Тегеранга киргизген санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узартты. Уюмдун 12-апрель күнкү баяндамасында айтылгандай, санкциялар 82 кишиге жана бир мекемеге киргизилген.

28 мамлекеттен куралган Европа биримдиги Ирандагы “аянычтуу адам укуктарына” байланыштуу 2011-жылы санкцияларды киргизген. Андан бери жыл сайын маселе каралып, улам узартылууда.

Былтыр Иран өкмөтү БУУнун адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө нааразылыгын билдирип, аны “калыстык жок, кемсинтүү жана саясий себептер менен жасалган баяндама” деп сыпаттаган эле.

БУУ баяндамасында Иранда 2015-жылы миң чамалуу адам өлүм жазасына тартылганы, бул акыркы 20 жылдагы чоң көрсөткүч экени айтылган. Өлүмгө дуушар болгондор арасында жаштар көп экени белгиленген.

2015-жылы Ирандын өзөктүк куралына байланыштуу Батыш киргизген экономикалык санкциялардын көбү алынган.

XS
SM
MD
LG