Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:34

Ташкен шаарында 13-14-апрель күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары кезигишет. Жыйында терроризм, маңзат соодасы, чек ара көйгөйлөрү жана башка маселелер талкууланат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Өткөн жумада ШКУнун Антитеррор кеңеши да Ташкенде жыйынга чогулган.

ШКУга быйыл Өзбекстандын төрагалык кылып жатат. 23-24-апрель күндөрү уюмга мүчө мамлекет башчылары саммитке чогулат.

Нооруздун алдында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскерий техникаларды жайгаштырып, абал чыңалган кезде президент Алмазбек Атамбаев Ташкендеги ШКУ саммитине баруудан баш тартарын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG