Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Мэр Албек Ибраимов “Тазалыктын” ишин текшерет


Борбор калаанын мэри Албек Ибраимов бүгүн "Тазалык" ишканасынын жана шаарды жашылдандыруу, жарык менен камсыз кылуу мекемелеринин иши менен таанышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейинки жетекчиликтин тушунда шаарда таштанды, тазалык маселеси көйгөй жаратып келген болсо, азыр абал оңоло баштаганын тургундар айтууда.

Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, кечээтен тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасы бригадалык ыкма менен иштөөгө өттү.

Күн сайын көчөлөрдү тазалоого 47 бригада чыгууда. Ар биринде 10-15тен жумушчу бар. Жаңы ыкманын өзгөчөлүгү – ар бир жумушчу өз ишин гана бүтүрбөстөн, шыпыруу, тротуарларды жуумай, арыктарды тазалоо жана газондорду кыркууну чогуу аткарышат.

Алардын иши таңкы 5те башталууда. Саат 10:00дө жумушчуларга айран жана сэндвич берилип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG