Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:44

Парламент Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин талкуулайт


Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүүдө. Бул кызматка аны сунуштаган чечимин көпчүлүк коалиция кечээ кабыл алды.

КСДП фракциясынан маалымдашкандай, Жээнбековдун талапкерлигин башкаруучу коалицияга кирген төрт фракция тең бир добуштан колдоду.

Эми бул маселе парламентте бүгүн каралат.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин дээрлик 5 жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген Жээнбеков өткөн жылдын аягында Кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми быйыл 23-мартта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына бекиген.

Буга чейинки өкмөт башчы Темир Сариевдин кетишине Балыкчы – Корумду унаа жолу боюнча тендер себеп болду. Аны териштирген депутаттык комиссия премьерди иштен алуу керек деген тыянакка келди. Ал эми Сариев өзү муну “эч негизсиз саясий чечим” деп атады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG