Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Украин парламентинде коалиция жана өкмөт башчы боюнча добуш берүү болот


Украинада жаңы өкмөттөгү негизги кызмат орундарына байланыштуу талаш-тартыш парламентте акыркы чечимдин кабыл алынышын жайлатты. Жаңы коалиция жана өкмөт башчынын талапкерлиги боюнча добуш берүү бүгүн өткөнү жатат.

Парламент спикери Владимир Гройсман өкмөт башчы кызматын аркалоого макул болгонун анын басма сөз катчысы Дмитрий Солярчук кечээ Твиттерге жазды.

Украинада өкмөттү куроо боюнча 11-апрелдеги коалициялык сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган. “Петро Порошенконун блогу” жана “Элдик фронт” фракциялары премьер-министрликке көрсөтүлгөн Гройсман менен өкмөт курамы боюнча бир пикирге келе албай койгон.

Буга чейин өкмөт башчы болуп келген Арсений Яценюк 10-апрелде кызматтан кетерин жарыялаган. Бирок анын “Элдик фронт” партиясы парламентте “Петро Порошенко блогу” менен көпчүлүк коалицияда каларын ырастаган. (RK)

XS
SM
MD
LG