Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Депутат Нышанов Кыргызстанда Жээнбековдордой үй-бүлөлөр көп болушун каалады


Сайдулла Нышанов

Сайдулла Нышанов

Асылбек Жээнбеков спикерлик кызматтан кеткенин жарыялап, депутаттар ага каалоо-тилектерин айтышты. Сөз алгандардын дээрлик баары аны кызматын өз эрки менен, ызы-чуусуз тапшырып жаткан алгачкы төрага экенин айтып, макташты.

Маселен, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов "Бизге, Кыргызстанга, ушундай мыкты, үлгүлүү үй-бүлөлөр көп болушун каалайм" десе, "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев Жээнбеков парламентке жаңы регламент киргизгенин, анын эл аралык мамиледе салымы зор экенин айтып "Тарыхта калдыңыз, үй-бүлөдө ар дайым ынтымак болсун, дайыма тойдун үстүндө жүрө берели" деди.

Асылбек Жээнбеков 2012-жылдан бери Жогорку Кеңешти жетектеп келди.

Анын бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековду парламенттеги көпчүлүк коалиция учурда премьерликке көрсөтүп жатат.

Ал эми алардын дагы бир тууганы Жусупбек Шарипов Марокко жана Бахрейндеги Кыргызстандын элчиси.

Кыргызстанда бир туугандарга бир эле учурда мамлекеттик бийлик бутактарын башкарып турууга мыйзам жол бербейт. Асылбек Жээнбеков спикерлик кызматын анын агасы өкмөт башчылыкка келаткан себепке байланыштуу гана тапшырып берди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG