Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

БУУнун баш катчылыгына талапкерлерди угуу башталды


ЮНЕСКО башчысы Ирина Бокова

ЮНЕСКО башчысы Ирина Бокова

БУУнун Башкы Ассамблеясынын мүчөлөрү шейшембиде уюмдун башкы катчылыгына талапкерлерди тандоо боюнча тарыхый угууларды баштады. Бул күнкү жыйында сегиз талапкердин үчөө: Монтенегронун тышкы иштер министри Игорь Лукшич, БУУнун качкындар иши боюнча мурдагы жогорку комиссары Антонио Гутерреш жана ЮНЕСКО башчысы Ирина Бокова сөз сүйлөдү.

Буга чейин БУУнун баш катчылыгына талапкер уюмдун Коопсуздук Кеңеши тарабынан жабык жыйында тандалып, Башкы Ассамблеяга бекитүү үчүн сунушталчу. Былтыр Башкы Ассамблея эрежени өзгөртүп, бул кызматка келүүнү каалагандарга талапкерлиги боюнча расмий билдирүү жасоону сунуштаган. Бирок жыйынтыкты чыгаруу дагы деле Коопсуздук Кеңешинде кала берүүдө. Кеңеш талапкерлер боюнча талкууну ушул июлда баштайт.

Талапкерлердин арасында Словения менен Жаңы Зеландиянын мурдагы премьер-министрлери, Молдованын, Хорватиянын, Македониянын мурдагы тышкы иштер министрлери да бар. Салт боюнча БУУнун баш катчылык кызматы Азия, Африка, Латын Америкасы жана Европа региондорунун ортосунда алмашып турат. Чыгыш Европа өлкөлөрү бул аймактан мурда-кийин баш катчы чыкпаганын, эми кезек келгенин айтууда. Азыркы сегиз талапкердин алтоо ушул аймактан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG