Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Жээнбеков: Өкмөт жолдорду курууну токтотпойт


Кыргыз өкмөтү өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөн улуттук инвестициялык долбоорлорду уланта берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өкмөттүн программасы менен тааныштырып жатып премьер-министрлик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков билдирди.

- Ушул убакытка чейин аткарылып келе жаткан түндүк-түштүк альтернативдик жолду салуу, Бишкек - Кара-Балта айланма жолду курууну улантабыз. Ошондой эле Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жана Балыкчы - Корумду жолунун курулушун токтотпойбуз, - деди Жээнбеков.

Буга чейинки премьер-министр Темир Сариев жолдорду курууда өткөрүлгөн тендерде кызыкчылыгы бар деген айыптар айтылган. Ушундан улам Сариев өз ыктыяры менен 11-апрелде отставкага кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG