Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Амстердам аэропорту жарым-жартылай эвакуацияланды


Схипхол аэропорту

Схипхол аэропорту

Нидерланд бийлигинин маалымдашынча, Амстердам аба майданы кечээ кечинде кооптуулук белгисинен улам жарым-жартылай эвакуацияланып, бир шектүү киши кармалды. Схипхол аэропортунун өкүлү Альфред Эльвангерд ал адам "күдүктүү жагдайдагы маалыматтын негизинде" кармалганын билдирип, башка маалымат айтпады. Телеканалдар аба майданды атайын даярдыктагы беткапчан аскерлер күзөтүп турганын, кармалган адамдын жүгүн саперлер текшерип жатканын көрсөттү.

Европанын көптөгөн аба майдандарындай эле Схипхол аэропортунда да 22-марттан бери коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Бул күнү Брюссель аба майданы менен метро бекетиндеги террордук чабуулдардан 32 адам ажал тапкан эле. Бул жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG