Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Түркия аймагына Сирия тараптан атылган снаряд түштү


Чек арадагы Түркиянын Килис шаары
Чек арадагы Түркиянын Килис шаары

Түрк маалымат каражаттары Сириядан атылган снаряддар чек арадагы Килис шаарынын чок ортосундагы эки жерге түшкөнүн, андан чуу чыкканы менен эч ким жабыркабаганын билдирди. Түрк тарап буга тиешелүү жооп бергени да кабарланды.

Аталган шаарда 12-апрелде да Сирия аймагынан атылып түшкөн ракета жарылуусунан бир адам мерт болуп, жети киши жаракат алган. Түркия аскерлери буга жооп иретинде "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун чептерин аткылаган.

Түркиянын Килис аймагы чектешкен Сириянын райондоруна аталган террордук топтун согушкерлери, дагы бир бөлүгүнө күрт кошуундары же Сирия өкмөтүнө каршы козголоңчулар көзөмөлдүк кылат.

XS
SM
MD
LG