Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

"Панама-гейт" чуусун чыгарган компаниянын кеңсеси тинтилди


Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын кеңсеси, 12-апрель, 2016-жыл
Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын кеңсеси, 12-апрель, 2016-жыл

Панама прокуратурасы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү бай жана таасирдүү саналган адамдардын офшордук эсептери боюнча документтери чыгып кеткен Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын кеңсесин тинтүүгө алды. Маалымат каражаттарына чыгып кеткен 11 миллиондон ашуун бул документтерде бир канча өлкөлөрдүн президенттери менен өкмөт башчыларына байланышкан көмүскө финансылык эсептер тууралуу сөз болгон.

Прокурорлордун 12-апрелдеги тинтүүсүн полициянын 6 кызматкери күзөтүп турду. Панаманын башкы прокурору тергөөчүлөр бул юридикалык компаниянын документтерин изилдеп жатканын гана билдирип, башка маалымат айтпады.

3-апрелде Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган. Анда КМШ өлкөлөрүнөн Путинден сырткары казак президенти Нурсултан Назарбаев менен байланыштагы ысымдар жана украин президенти Петро Порошенконун, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин аты аталган.

XS
SM
MD
LG