Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:23

ИИМ поезд коштоочуларына кылмыш ишин козгоду


ИИМдин тергөө бөлүмү эки поезд коштоочусуна “шылуунчулук” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөөдө анык болгондой, коштоочулар 2015-жылдын ноябрь айында поезддеги төрт жарандын Орусияда “кара тизмеде” экенин билип, “федерациянын аймагына киргизип беребиз” деп акчасын алган. Бирок Казакстандын аймагынан аларды түшүрүп, "башка бир адамдар жеткирип берет" деп бөтөн өлкөгө таштап кеткен.

Жабыркагандардын айтуусунда, алар акчасы жок калгандыктан Казакстанда жашап, ар түркүн күнүмдүк иштерди аткарууга туура келген. Натыйжада ушул январь айында гана алар Кыргызстанга кайтып келишкен.

Учурда поезд коштоочулары 43 жаштагы Анвар Ж. жана 39 жаштагы Дамира О. кармалып, кылмыш иши козголду. ИИМ коштоочулардын бирине тергөө учурунда камакта болуу боюнча соттун чечими чыкканын кабарлады. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG