Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:24

Украина чыгышында сегиз аскер жаракат алды


Украин армиясы өлкө чыгышында орусиячыл жикчилер менен урушта акыркы 24 саатта эле сегиз аскери жаракат алганын билдирди. Аскерий өкүл Андрей Лысенко бүгүн алардын баары Донецк облусунда кечээтен бери жасалган "душмандын 53 жолку чабуулунан" жаракат алганын айтты.

Бул кабар эл аралык чөйрөдө Украина чыгышында ок атышууну токтотуу келишими иштебей жактанына тынчсыздануулар айтылып жаткан учурга туш келди.

Соңку маалыматтарга караганда, Украина чыгышында орусиячыл жикчилер менен уруш башталган 2014-жылдын апрелинен бери 9 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында урушуп жаткан аскерлерден тыш жайкын тургундар да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG