Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

Бишкек мэри шаардыктарды тейлөө кызматтарынын ишин текшерип жатат


Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардыктарды тейлеген муниципалдык мекемелердин ишин текшерүүсүн улантууда. Бүгүн ал жүргүнчү ташуу, жылуулук менен камсыз кылуу кызматтарына жана троллейбус башкармалыгына барат.

Кечээ Ибраимов тазалоо, жашылдандыруу менен алектенген ишканаларды кыдырып, ишти жакшыртуу боюнча тапшырмаларын берди.

Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасы бригадалык ыкма менен иштөөдө. Күн сайын көчө тазалоого 47 бригада чыгууда. Ар биринде 10-15тен жумушчу бар.

Албек Ибраимов мэрлик кызматка 27-февралда келген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG