Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Кыргызстан – НАТО кызматташтыгы активдешүүдө


Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы кызматташтык соңку эки жылдан бери активдүү боло баштады. Бул тууралуу Брюсселде кыргыз элчиси Асеин Исаев менен жолугушууда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуу НАТОнун штаб-квартирасында өттү. Элчи Исаев бул уюм менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясаты жана коопсуздугунун инструменти экенин айтты.

Эки тараптуу мамиле 1992-жылы башталган.

Учурда НАТОнун каржылоосу жана колдоосу менен өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу багытында түрдүү программалар ишке ашырылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG