Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Парламент «чет элдик агенттер» боюнча мыйзам долбоорун карайт


Бүгүн Жогорку Кеңеште “чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланат.

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө, аларды мамлекеттик каттоого алуу боюнча мыйзамдарга жана “Кылмыш кодексине” өзгөртүү киргизүүнү караган бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары Надира Нарматова, Нуркамил Мадалиев жана Турсунбай Бакир уулу иштеп чыккан. Былтыр жайында ал биринчи окууда кабыл алынган.

Азыркы, 6-чакырылыштын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер, регламент комитети аны кайра көтөрүп чыгып, 12-апрелде эч талкуулабастан колдоо чечимин чыгарып, пленардык жыйынга экинчи окууга сунуштады.

Укук коргоочулар эгер аталган мыйзам кабыл алынса Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланарын, ал Орусиядан көчүрүлүп алынганын жана көптөгөн орусиялык бейөкмөт уюмдар бийликти сындаганы үчүн учурда куугунтукка кабылып жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG