Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

“Караханиддер доорундагы Түркстандын архитектурасы” китеби кыргыз тилине которулат


Өзгөн мунарасы.
Өзгөн мунарасы.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү жана уюштуруу мамлекеттик дирекциясынан билдиришкендей, аталган китеп 2014-жылы орус жана англис тилинде жарык көргөн. Китепте Орто Азиянын тарыхый-маданий объекттери сүрөттөлгөн. Караханиддердин борбору Баласагын ал маалда Чүй облусунун Токмок шаарынын жанында орун алган. Ал эми Бурана дүйнөдөгү экинчи тарыхый мунара болуп эсептелери аталган китепте белгиленген.

Профессор Жумамедел Иманкуловдун “Караханиддер доорундагы Түркстандын архитектурасы” аттуу китеби өткөн жылы Бакудагы эл аралык сынакта архитектура тармагындагы мыкты басылма катары сыйлыкка ээ болгон.

Учурда китепти кыргыз тилине которуп, Түркиядан басып, көбөйтүү жагы каралууда. Китеп ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында конокторго тааныштырылмакчы.

Быйылкы Тарых жана маданият жылында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө каралган. (SDz)

XS
SM
MD
LG