Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүн түштөн кийин парламент спикерине талапкерлерди карайт. Бул тууралуу бүгүнкү парламенттин отурумунда маалым болду. "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков кечээ фракциянын жыйыны өткөнүн айтып, анда төрагалыкка Канат Исаевдин талапкерлигин сунуштоо чечими кабыл алынганын билдирди.

Ал ортодо коалциялык азчылык төрагалык кызматка талапкер сунуштоо укугун аларга да берүүнү суранып, бул орунга талапкери бардыгын “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Максат Сабиров билдирди. Бирок, депутаттар бул сунушка жооп берише элек.

Спикерлик орунга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталмакчы. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG