Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

Сузак: сурма жүктөп бараткан автоунаа кармалды


Ош-Бишкек жолунун Сузак участкасынан бүгүн эртең менен Ала-Букадан Ошко сапар тарткан оор жүк ташуучу автоунаага мыйзамсыз жүктөлгөн сурма кармалды. Бул тууралуу Сузак райондук ИИБнын башчысы Нурбек Жаныбеков «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтуусунда, оперативдүү маалыматтын негизинде трассадагы оор жүк ташуучу эки автоунаа текшерилген учурда айдоочулар эч кандай документтерин көрсөткөн эмес жана сурманы бирөөлөр күтүп аларын гана айтышкан. 10 тоннага жакын сурма жүктөлгөн автоунаалар учурда райондук ИИБнын короосуна киргизилип, текшерүү иши уланууда.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында эски шахтылардан сурма казылып, Кытайга сатылары айтылат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG