Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

103 чет элдик жаранга иш жүргүзүүгө уруксат берилди


"Жунда" заводунда иштеген кытайлык жарандар

"Жунда" заводунда иштеген кытайлык жарандар

Миграция кызматында чет өлкөдөн жумушчуларды алып келүү жана иштөөгө уруксат берүү боюнча түзүлгөн ведомство аралык комиссиянын кезектеги отурумунда 151 арыз каралды. Анда юридикалык жана жеке тараптар башка өлкөдөн жумушчу күчүн алып келүү боюнча арызберишкен. Мындан башка чет элдик 103 жаран өлдөдө жеке ишкерчиликти жүргүзүү тууралуу кайрылган.

Миграция кызматынан билдиришкендей, бөтөн өлкөдөн 552 жумушчу күч тартууга уруксат берилди, ошондой эле жеке ишкерликти жүргүзүү үчүн 103 башка өлкөнүн арызы канааттандырылды.

Чет өлкөлөрдөн эң көп квотага Индия, Азербайжан, Пакистан, Вьетнам, Кытай, Түркия, Украина жана Канаданын жарандары ээ болду. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG