Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) түрк расмийлерине кайрылып, журналисттерди коргоо боюнча зарыл чараларды иштеп чыгууга чакырды. Буга Түркиянын түштүк-чыгышында согушкерлердин кол салуусуна кабылган сириялык журналисттин окуясы себеп болгон.

Тележурналист Мухаммед Захир аш-Ширкатты ушул жекшембиде Газиантеп шаарындагы эл чогулган жерде атып кетишкен. Ал 12-апрелде ооруканада каза тапткан. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Мухаммед Захир Түркия аймагында өлтүрүлгөн сириялык төртүнчү журналист.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG