Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Бүгүн Путин салттуу түз эфирге чыгат


Путиндин элге кайрылуусу.
Путиндин элге кайрылуусу.

Орусия президенти Владимир Путин салтка айланып калган “Путин менен түз байланыш” берүүсүндө бүгүн жарандардын суроолоруна жооп берет. Москва убактысы менен саат 12:00дө баштала турган мындай байланыш 2001-жылдан бери 14-ирет өткөрүлүүдө.

Мамлекет башчыга берилчү суроолорду чогултуу бир апта мурун башталган. Андан бери миллиондон ашуун собол келген. Быйыл “ВКонтакте” социалдык тармагындагы суроолор да кабыл алынды. Аталган желеге Кремлдеги маалыматтар боюнча 100 миң киши катталган.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 13-апрелде кабарлагандай, баалардын өсүшү, пенсия, жеңилдиктер, коррупция, билим берүү сапаты, аткаминерлердин маданияты, бюрократизм, кичи ишкерлик, Украина чыгышындагы калабаны жайгаруу, Орусия менен Батыштын, АКШнын мамилеси боюнча суроолор көп келүүдө.

Адистер түз эфирдин катышуучуларын Москванын четиндеги “Поляна” пансионатына чогултуп, даярдыктан өткөрүшкөнүн РБК кабарлады. Алардын айрымдары президенттик аппарат даярдап берген суроолорду узатышы ыктымал экени айтылууда.

Путиндин эң узакка созулган түз байланышы 2013-жылы болгон. Анда президент 4 саат 48 мүнөт эфирде отурган.

XS
SM
MD
LG