Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Гройсман Украинанын өкмөт башчылыгына бекитилди


Володимр Гройсман.

Володимр Гройсман.

Украинанын премьер-министрлигине Жогорку Раданын мурдагы спикери Володимир Гройсман бекитилди. Анын талапкерлигин 257 депутат колдоду. Кызматка киришүү үчүн ал 226дан көп добуш алыш керек эле.

Володимир Гройсман жаңы өкмөт коррупция менен күрөштү жандантып, Европа менен байланышты күчөтүүгө аракет жасаарын билдирди. 14-апрелде ал баштаган өкмөт курамына добуш берүү башталардан мурда депутаттарга кайрылып:

-Менин алдымда кандай тобокелчиликтер жана коркунучтар бар экенин билем. Алардын үчөөнү атасам – коррупция, жыйынтыксыз башкаруу жана популизм. Булар Украина чыгышындагы душмандарга тете коркунучтар,- деди.

Мурдараак президент Петро Порошенко коррупция менен күрөш Украинанын инвестициялык багытын жандантууга жол ачарын белгилеген жана Европа менен карым-катышты дагы да жандантуу зарылдыгын айткан.

Гройсман баштаган жаңы өкмөт коррупция жаңжалына жана өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы күрөшкө байланыштуу өткөн жумада отставкага кеткен Арсений Яценюктун министрлер кабинетинин ордуна келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG