Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Башкы прокурор Кыргызстанда кыйноолор азайганын билдирди


Баш прокурор Индира Жодубаева

Баш прокурор Индира Жодубаева

2015-жылы прокуратурага кыйноолор боюнча 199 арыз келген. Бул тууралуу бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште жылдык отчетун берип жатып билдирди. Анын белгилешинче, бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу азайган:

- Жарандардын укуктары менен эркиндиктерине зыян келтирген өзгөчө коркунучтар бул кыйноолор жана адамдарды сатуу болуп эсептелет. Бул жаатта көзөмөлдү күчөтүү менен аракеттер жакшырып жатат. 2014-жылы кыйноолор боюнча 220 арыз келип түшсө, былтыр алардын саны 199га азайды.

Жолдубаева кыйноо фактылары боюнча 34 кылмыш иши козголуп, 13 иш сотко ашырылганын кошумчалады. Ал эми адам сатуу боюнча өткөн жылы 10 факт катталган.

Ошол эле учурда АКШ мамлекеттик департаменти 13-апрелде жарыялаган баяндамада Кыргызстандын укук коргоо органдарын негизсиз камоо, кыйноо, коркутуу, опузалоо жана кол салуу аракеттери боюнча айыптады. Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына байкоо салган бул билдирүүдө 2015-жылы кыргыз бийликтери сот жараянынын эрежелерин такай бузганы белгиленет. Ошондой эле документте милиция Кыргызстанда жыныстык жана этностук азчылыктардан опузалап акча талап кылары жазылган.(SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG