Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

“Чет элдик агент жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты


“Чет элдик агент жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы Ак үй алдында өткөн укук коргоочулардын акциясы

“Чет элдик агент жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы Ак үй алдында өткөн укук коргоочулардын акциясы

Жогорку Кеңеш депутаттары “Чет элдик тыңчылар жөнүндөгү” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды, парламентте ага бүгүн 73 депутат “макул” деп добуш берсе, 35и “каршы” болду.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы ага кол койсо күчүнө кирди деп эсептелет.

Бүгүн жыйырмадан ашык бейөкмөт уюм Кыргызстандын жогорку бийлигине кайрылуу жолдоп, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланары белгиленген. Ошондой эле демократиянын негиздеринин бирин түзгөн өкмөттүк эмес уюмдарды мамлекет ооздуктоого алууга шарт түзөт деп жазылган.

Көптөгөн бейөкмөт уюмдар кол койгон кайрылуу БУУнун туруктуу координатору, Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александр Аванесовго жолдонгон.

Айрым серепчилердин айтымында, аталган мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынган. Ал иштей баштагандан бери көптөгөн орусиялык бейөкмөт уюмдар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылууда. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG