Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Жогорку Кеңеш бүгүн төрага шайлабай калды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламент депутаттары бүгүн төрага шайлоо маселесин карашкан жок. Мындай маалыматты “Азаттыкка” КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн төрагага талапкерлерди угуп, талкуулап, шайлоого депутаттар жетишпейт.

- Алгач талапкерлер фракцияда, анан коалицияда каралышы керек. Биз коалициядан карап, бир талапкерди алып чыгалы деп атабыз. Бул бүгүн эле бүтө калбайт.

Парламент спикерине талапкерлерди бүгүн кароону күндүн башында депутаттар кабыл алган. Бирок, “Республика – Ата-Журт” фракциясы маселе кийинки жумада каралышы керектигин айтып, оппозицияга да талапкер сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүсүн суранган.

Парламенттин төрагалыгына “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жана “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаевдин талапкерлиги сунушталууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG