Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Турсунбеков: Исаев менен Төрөбаев бир пикирге келбей жатат


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Коалициялык көпчүлүктүн төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков эмне себептен бүгүн парламент депутаттары спикер шайлоо маселесин кийинки жумага жылдырганынын себебин “Азаттыкка” түшүндүрдү.

Анын айтымында, төрагалыкка сунушталган талапкерлер Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев бир пикирге келбей жатат. Чыныбай Турсунбеков бул өз кезегинде депутаттар арасында бөлүнүүнү пайда кыларын кошумчалады.

- Биз алгач коалициялык көпчүлүктүн жыйынын өткөрүп, бир талапкерди гана калтырышыбыз керек. Бирок Исаев да, Төрөбаев да талапкерлигин койгону баарыбызга маалым. Азыр да коалициялык көпчүлүктүн лидерлери менен жолугушуу өткөргөнү жатабыз. Эгерде маселе чечилбесе, башкача жолдор менен кетишибиз керек, - деди Турсунбеков.

Чыныбай Турсунбеков эки талапкер арасында пикир келишпестик жоюлбаса, башка жолдорду караштырабыз деген сөзүн чечмелеп берген жок.

Жогорку Кеңештин төрагалыгына “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган. Депутаттар бүгүн түштөн кийин спикер шайлоо маселесин кароону кийинки аптага калтырышты. (UEz\SDz)

XS
SM
MD
LG