Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Бедюров: Улуу кыргыз жолу уланууда


Алтайдын үлкөн акыны, илимпоз, коомдук ишмер Боронтой Бедюров (солдо) жана "Азаттыктын" кабарчысы Бекташ Шамшиев.
Алтайдын үлкөн акыны, илимпоз, коомдук ишмер Боронтой Бедюров (солдо) жана "Азаттыктын" кабарчысы Бекташ Шамшиев.

Алтайдын үлкөн акыны, илимпоз, коомдук ишмер Боронтой Бедюров Бишкекте Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болду. Алтай элдеринин оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрүн чогултуп, улуттук уңгунун түпкү сырларына кызыгып келаткан илимпоз акын Кыргызстанда жүргөн кезинде "Азаттыкка" маек курду.

Ушу тапта Алтай поэзиясы менен адабият илиминин атын чыгарып келаткан Боронтой Бедюровдун ысымы жаамы журтуна, орусиялык китеп окурмандарына жакшы тааныш. Боронтой Бедюров алтай акыны Янги Бедюровдун уулу. Атасынан айырмаланып ал жалаң эле көркөм чыгармачылык эмес, элинин тарыхы, маданияты, салт-санаасына кызыгып, бир топ илимий эмгектерин жарыкка чыгарды. Илимий изилдөөчүлүк менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак ала жүргөн намыскөй азамат сөз эркиндигине кенен жол ачылгандан кийин мурда-кийин изилденбеген, чагылдырылбаган темаларга кайрылып, Алтайдын өткөнүн жаңы муунга жеткирүүнүн камылгасын көрүүдө.

Кыргызстанга Боронтой Бедюров Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык поэзия сыйлыгын алууга келген.

- Байдылда Сарногоевдин поэзиясы мени бул жерге - Мекеним Кыргызстанга чакырып келди. Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыкты алуу мен үчүн жөн эле сыймык эмес, чоң жоопкерчилик да. Бул сыйлык көп иштерди жасоого милдеттендирет. Улуу акын тирүүсүндө бийликтин сый-ургалына арзыган эмес. Бул өзү мыйзам ченемдүү эле нерсе. Себеп дегенде, ушундай деңгээлдеги акындар, ойчулдар, өнөр адамдары адатта мезгилден алдыга озуп кетишет. Баары менен бир убакта жашаганы менен, алдыга кетип калышат. Ал эми замандаштары дайыма эле улуулукту, жаңылыкты баалай беришпейт. Жаратмандар дайым эле убагында бааланбайт. Анын кайгысы менен кубанычы, ой-санаасы башкаларды анча деле ойлонтпойт. Тирүү кезинде баркталбай калышы ошондон. Ошол эле мезгилде Байдылда Сарногоев көзүнүн тирүүсүндө эле элдин сүйгүнчүк акыны болгон, ырлары ырдалып турган. Акын үчүн бул эң жогорку сыйдын өзү ушул. Көзү өткөндөн кийин деле чыгармалары окулуп, ырдалып жүрсө мындан өткөн сый барбы?

“Манастан” бийик чыгарма жок. Мына ушул элдик генийде калктын руху, бекем кабатталган тарыхы, миңдеген жылдарды камтыган улуу жолу жатпайбы. Кыргыздар биздин алтай этно-тилдик топтун эн байыркысы, түрк калктарынын улуусу.

Боронтой Бедюровдун чыгармалары Алтайдын азыркы турмушуна арналган, тарыхтын түпкүрүнөн сызылып чыккан элдин тарыхы, өтмүшү, оозеки чыгармачылыктын көөнөргүс үлгүлөрүндө сакталып калган ой берметтери, сөз күчү, кылымдап аспиеттеп багып келген өнөрү жазуу маданияты жайылган доорго жетип, элдин рухий эс сактамы катары чыгууда. Боронтой Бедюров Алтайга белгилүү акындын үй-бүлөсүндө төрөлүп, кичинесинен китеп маданиятына сугарылып, бир боор калкы барктап келаткан эл оозеки чыгармачылыгынын салтында тарбияланган. Сүрөткердин эл алдындагы эмгегин баалап калкы ага Алтай элдери курултайынын эл башы атын берген. Аны алтай тилинде “Алтай халык курултайынын башчысы” деп атайт.

- Бул өзү табигый нерсе, биз баарыбыз элден чыкканбыз. Билинип-билинбеген ичке жиптер аркылуу биз тууган жер, тууган эл, өткөнүбүз менен, биринчи иретте элдин руху менен тыгыз байланышта турабыз. Жазуучу, акын, ырчылар, башка өнөр адамдарынын баары элдик ой сезимди, маданий-рухий мурасты гана алып жүрбөстөн, жаңы дүйнө шартында жаратуучулук милдетти аркалап келатпайбызбы. Биздин адабиятыбызда социалисттик реализм үстөмдүк кылып турган шартта мен бекеринен элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылган жокмун. Биздин түбөлүктүү, түпкүлүктүү негиздерибиз а кезде эскинин калдыгы катары бааланып, андан болушунча эртерээк бошонуу зарылдыгы айтылып келбедиби. Салтты жерип, публицисттик-үгүтчүл маанайда, совет адабиятынын корифейлерине окшотуп жазуу талабы коюлуп келбедиби. Ал эми чыныгы элдик чыгармалар фольклорго чыгарылды, чын-чынына келгенде алар фольклор эмес. Терминдин өзү туура эмес, бул элдик маданият, элдик рухтун бийик көкөлөгөн учурунун бир чагылышы. Андан бийик нерсенин болушу кыйын го. Мына “Манастан” бийик чыгарма жок. Мына ушул элдик генийде калктын руху, бекем кабатталган тарыхы, миңдеген жылдарды камтыган улуу жолу жатпайбы. Кыргыздар биздин алтай этно-тилдик топтун эн байыркысы, түрк калктарынын улуусу. Узакка созулган тарых жолунда өзүнүн атын жоготпогон калк. Мен муну сыйлык тапшыруу аземинде да айттым.

Боронтой Бедюровдун поэзиясында Алтай тоолору, аны мекендеген калктардын тарыхы, оош-кыйыш жолдордо чабылып-чачылган улуу элдин жаңы кылымга жеткени, мезгил оошуп, заман өзгөрүлсө да өткөндү унутпоо, байыртан келаткан уңгуну эстен чыгарбай сактоо зарылдыгы такай эскертилет. Душман капыс кирип келерде бешигин карагайга илип, адам жакындатпас азоону алеки саамда ийге келтирип, күлүк минип келечегин сактап калган улуу эненин эрдигин ырдайбы же болбосо элдик учкул сөздөрдүн тереңде катылган маани-мазмунун чечмелейби – булардын баарында автор элдик рухий бийиктикти, байыртан келаткан көчтү улай турган жаңы муундун алдына коюлчу милдеттерди эстен чыгарбоону окурманына эскертүүдөн тажабайт. Акын элдик тилдин каймагы сакталып калган элет жеринде эрезеге жеткенин, анын баары кийинки чыгармачылыгына бекем жерпай болуп бергенине ыраазы болгонун жашырбайт.

Алтайда эл оозеки чыгармачылыгынын салты бекем сакталган. Байыртан келаткан көркөм салтты сактап келаткан адамдарды, аксакалдарды, уруу башчыларын Боронтой Бедюров элдик академиктер катары баалайт. “Мен алардын улуулугун эрезеге жеткенден кийин билдим”, - дейт акын. “Мен бала кездеги аксакалдар, уруу башчылары, булар чын-чынына келгенде академиктер, элдик академиктер. Ошондой кишилерден угуп, билип кийин окумуштуу болушту, илим кандидаттары, докторлору болушту”.

Хакас, Тыва, Жакутия – булардын баары биздин дүйнөбүз. Бул дүйнө түпкүлүгү түрк элдери. Мунун баарын баштагы калыбына келтириш керек эле.

Боронтой Бедюров элдик турмуштун философиясын тереңден аңдоону атасынан үйрөнгөнүн, элдик ырлардын ачкычын таап, окурман сезимин ойгото алчу чыгармалар жалпы журттун арасында жүргөндө жараларын айтуудан тажабайт. “Биз ырчылык маданиятка сугарылган, ошондон азыктанып чыккан маданияттын өкүлүбүз”, - дейт акын.

Элдик уңгуга, өткөнгө кайрылуунун себеп-жөнүн алтайлык акын мындайча түшүндүрөт:

- Мен 20-кылымда жасалма жол менен токтотулуп койгон элимдин рухий маданиятын кайрадан калыбына келтирип жатам. СССР илимдер академиясынын аспирантурасында окуп жүргөн кезимде, бул эми 70-жылдардын аягы 80-жылдардын башы болчу, бул кезде жалгыз эле алтай элдериники эмес көптөгөн элдердин рухий салттары тебеленип-тепселген болчу. Иш жүзүндө жок кылынган эле. Ошондуктан менин алдымда аны поэзия жагынан же илимий жагынан тикелөө эмес, жок кылынганды кайра калыбына келтирүү милдети турган. Мен Алтай элим тууралуу жазылган этнографиялык эмгектерди эринбей окуп чыктым. Алтай дегенде мен кеңири түшүнүктү, кыргыз тил стихиясына кирген опсуз кенен аймакты алып жатам. Хакас, Тыва, Жакутия – булардын баары биздин дүйнөбүз. Бул дүйнө түпкүлүгү түрк элдери. Мунун баарын баштагы калыбына келтириш керек эле. Бала кезимден бери угуп келаткан рухий маданияттын учугун илимий изилдөөгө салып, кош түшүнүктү улаштырдым. Бизде элдик маданий кайра жаралуу жараяны жандана баштаганда мен элиме унутта бараткан рухий маданиятын кайтарып бердим. Бул процесс аябай ыкчам жүрдү. Айылдабы, шаардабы – бардык жерде жашагандарды советтик мезгилде эски салттарын унутууга үндөшкөн, мажбур кылышкан. Атүгүл менден улуу кесиптештерим бул ишке киришип алганымды жактырышпай, эмнеге убактымды бекерге кетирип атканымды айтышкан. Алар менин Алтайдын рухий кайра жаралуусун калыбына келтирүү, жандантуу менен алектенип жатканымды түшүнүшкөн эмес.

Боронтой Бедюров Сибирь элдеринин, анын ичинде шор калкынын учурдагы абалы, жоголуу коркунучуна туш келген саны аз элдердин проблемасына токтолуп, көмүр кен бассейни чыккан жерде жашап келген аз сандуу калктын мындан аркы тагдыры бүдөмүк калганын, анын мисалы катары Кузбасс көмүр кени чыккан жердеги токой калкынын аянычтуу абалына токтолду.

- Соңку эл каттоо боюнча шорлордун саны 12 миң болчу. Алардын саны мурдараак 20 миң экенин билем. 19-кылымдын ортосунда алардын саны биздин элдегидей эле болчу. 20-жылдар, революция, андан кийин улуттук чет жакаларда улуттук түзүмдөр Орусияда, Советтер Союзунда пайда боло баштаганда биз бириге албай калганбыз. Большевиктер Бийск, Кузнецк, Миңсуу үйөзүндөгү Урянхай крайындагы, азыркы Алтай Республикасы, Алтай крайы, Кемеров облусу, Хакасия, Тывадагы түпкүлүктүү калктардын биригишине жол берген эмес. Түпкүлүгү бир, бир элбиз. Чоң кыргызга эң жакын элдер ушулар го.

Ушу тапта түбү бирге элдердин өз ара маданий карым-катышы аз-аздан жанданууда. Мындан алты жыл илгери Боронтой Бедюров алтайлык туугандары менен келип Айкөл Манас жеринде “Алтай – Манас - Талас” коомун негиздөөгө катышып, ортолук карым-катышты күчөтүү ниетин билдирип кайтышкан. Коомдун атынын жөн-жайын Боронтой ага “жайлоодон кыштоого көчүп келүү” деп түшүндүрөт.

- Биз эмнеликтен анчалык алыс көчүшүбүздүн себебин азыр түшүнүп атам. Коркунуч түштүктөн келгенде, мисалы, Искендер Зулкарнайн сындуу каардуу душман келгенде бул жерде жашагандар Сибирге, Алтайга оошкон. Коркунуч чыгыш тараптан чыкканда бул жакка көчүшкөн. Кыргыз деген түрүлүп бир жарым, эки миң жыл ичинде бул жакка жылган. Көчүшкөн, оошкон, жылып жүрүшкөн. Бул биздин баарыбыздын жалпы Мекенибиз.

Ошентип кыйла кылымдардан кийин кыргыз менен Алтайдын карым-катышын, Боронтой Бедюров таамай туюнткандай, “Ала-Тоо, Тянь-Шандан Алтайга кайра улуу Кыргыз жолун калыбына келтирүү” аракети башталды. 18-кылымга чейин Ала-Тоодон Миңсуу ойдуңуна созулган түндүк жолу Улуу Кыргыз жолу деп аталган. Улуу жол эми маданият, билим аркылуу улантылып, түбү бир элдердин карым-катышынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү керек.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG