Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Amnesty International Межилистин ишине тыюу салган чечимди сындады


Крым татарларынын Межилисинин ишмердигине тыюу салуу боюнча чыгарылган чечимди эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму сынга алды. Уюмдун билдирүүсүндө бул тыюу салуу Орусия аннексиялап алган Крымдагы этностук азчылыктын укуктарын одоно түрдө бузары айтылат.

Межилис төрагасы Рефат Чубаров да бул тыюу салууну сындап, Фейсбуктагы баракчасына аны кылмыштуу кадам деп жазды.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын прокурору Наталья Поклонская 13-апрелде крым татарларынын Элдик межилисинин ишмердигине тыюу салган чечим чыгарган. Ага ылайык, мындан ары Межилис коомдук жыйындарды өткөрө албайт. Маалымат жайылтууга жана банк эсептеринен пайдаланганга акысы жок. Көзөмөл органынын чечими "Межилисти экстремисттик уюм" деп табуу жана биротоло ишин токтотуусу боюнча сот тыянагы чыкканга чейин күчүндө болот.

Крым прокурору Наталья Поклонская 15-февралда Межилиске тыюу салууну өтүнүп, сотко кайрылган. Бул кадамга ал крым татарларынын суранычы менен барганын билдирген.

Крым татарлары жарым аралдагы эки миллион элдин 15% түзөт. Алардын көбү аймакты 2014-жылы Орусия аннексиялоосуна каршы болушкан. Андан бери Межилис лидерлеринин айрымдары камалып, кээ бирлерине издөө жарыяланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG