Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Ооганстанда жоочулар сегиз кишини өлтүрүштү


Ооганстан
Ооганстан

Согушкерлер Тахар жана Кундуз провинцияларында 14-апрель күнү сегиз кишини набыт кылышты. Арасында жол коопсуздук кызматкерлери, полициянын командири жана жайкын тургундар бар. Мерт болгондордун үчөө аял.

Бул кол салууну талиптер жасаганы айтылууда, бирок "Талибан" азырынча эч кандай билдирүү кыла элек.

Талиптер 12-апрелден тарта Ооганстанда “Жазгы чабуулдар” башталганын жарыялап, бул өткөн жылдары мерт болгон лидери – Молдо Мухаммед Омардын өлүмү үчүн өч алуу экенин билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, ооган күч органдарынын беш жарым миңден ашуун мүчөсү жоочулар колунан өлүп, миңдеген аскерлер жараат алды.

XS
SM
MD
LG