Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

"Өнүгүү-Прогресс" спикерликке талапкерди добуш берүү менен тандоону сунуштады


Спикерликке “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган.

Спикерликке “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы праймериз сунушу менен чыкты. Фракция лидеринин орун басары Тынчтыкбек Шайназаровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, төрагалыкка талапкерди аныктоо көпчүлүк коалицияда добуш берүү аркылуу чечилүүсү керек:

- Биз коалициядагы кесиптештерибизге көпчүлүк коалициянын ичинде добуш берүү аркылуу шайлоо өткөрүүнү сунуштайбыз, мындайча айтканда, праймериз. Эки талапкер чыгып жаткан соң көпчүлүк коалициянын депутаттары кимиси спикерлик кызматка татыктуу экенин чечишсин. Бирок, тилекке каршы, Канат Исаев мындай процедурага макул болбой жатат.​

Кыргызстанда өкмөттүн отставкасынан кийин премьерлик кызматка Сооронбай Жээнбеков келгенине байланыштуу анын бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков 13-апрелде кызмат ордун бошотту.

Бүгүн парламентте төрага шайлоо маселеси чечилбей, келерки аптага калды.

Спикерликке “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги сунушталган.

Көпчүлүк коалициянын лидери Чыныбай Турсунбековдун "Азаттыкка" айтымында, экөө бир пикирге келе албай жатканына байланыштуу маселе чечилбей жатат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG