Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Путин: Келерки жылы ички дүң өнүм 1,4% болот


Орус президенти Владимир Путин кечээ түз эфир аркылуу эл менен байланышка чыкты. Дээрлик 3,5 сааттан ашык убакыт сүйлөгөн Путин глобалдык темалардан баштап жеке турмушуна чейинки суроолорго жооп берди. Негизинен экономика жана эл аралык мамилелер тууралуу сөз болду.

Байланышка чыккандардын көбү айлыктын аздыгы, инфляция жөнүндө тынчсыздануусун билдиргенине карабастан президент өлкөнүн экономикалык абалын позитивдүү деп баалады жана 4 жыл эч нерседен кам санабай жашоого мүмкүнчүлүк берүүчү резерв бар экенин, келерки жылы ички дүң өнүм 1,4% болорун айтты.

Түркия менен мамиле тууралуу айтып жатып ал орусиялык туристтер үчүн коопсуз эмес өлкө болуп жатканын билдирип, ал жакта жарандык согуш жүрүүдө деп айтты жана Анкараны “террорчулар менен байланышта” деп айыптады.

Ал эми Украинадагы абалга токтолуп, Владимир Путин Киевди Минск макулдашуусунун шарттарын арткарууга чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG