Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Жапонияда катуу жер титирөө болду


Жапониянын түштүгүндө ушу тапта катуу жер титирөөнүн кесепеттери менен алышып жатышат. Алгачкы маалыматка караганда кеминде 9 адам набыт кеткени, 250дөйү жараат алганы кабарланууда.

Айрым жерлерде үйлөр талкаланып, электр жарыгы өчтү. Күсү аралындагы Масики шаарынын миңдеген тургуну түнү менен үйүнө киргенден коркуп, көчөдө болду.

Очогунда күчү 6,4 баллга жеткен силкинүү кечки саат 9:26да Кумамото административдик борборунун чыгыш тарабында катталды.

2011-жылдын жазында Жапониянын түндүк-чыгыш жээгинде 9 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин пайда болгон топон суу 15 миң адамдын өмүрүн алып кеткен жана "Фукусима-1" атомдук станциясын жарактан чыгарган.

Түндөгү жер титирөөдөн аралдагы атомдук реакторлор жабыркаганы тууралуу маалымат азырынча жок. (RK)

XS
SM
MD
LG