Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Токтогулда митинг өтөт


Токтогул районунун тургундары электр тарифин төмөндөтүүнү жана аймактагы алтын кенди иштетпөөнү талап кылууда.

Жергиликтүүлөрдүн атынан чогулгандар бүгүн райондун борборуна митингге чыгары кабарланды.

Алар Токтогул районуна электр энергияны ГЭСтен өндүрүлгөн баада берүү жана Чолпон-Ата айылындагы Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын айтканы жатат.

1998-жылы Токтогул районуна жана Жазы-Кечүү айылына өзгөчө статус берилген. Мыйзам 1999-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген.

Анда "Токтогул жана Жазы-Кечүү айылдарынын тургундары менен аймактагы электр насостук станцияларына электр энергиясы ГЭСтен өндүрүлгөн баасында берилсин" деп жазылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG