Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

ИИМ уюшма кылмыш топтун мүчөсүн кармады


Уюшкан кылмыштуу топтордон алынган курал-жарактар.
Уюшкан кылмыштуу топтордон алынган курал-жарактар.

Милиция издөөдө жүргөн уюшма кылмыш топтун мүчөсүн Чүй облусунун Токмок шаарында колго түшүрдү. Министрликтин маалымат кызматынан билдиргендей, кармалган адам опузалап акча талап кылуу жана тоноо боюнча издөөдө жүргөн.

Азырынча кармалган адамдын аты-жөнү маалымдалбайт. Ал 2015-жылдын сентябрь айында жанындагы шериги менен дыйкандын үй-бүлөсүн коркутуп 4 жылкы, 13 кой жана көп суммадагы акчасын алып кеткен.

ИИМдин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы кабарлагандай, эки адамдын бири көп өтпөй кармалган. Ал эми экинчиси качып жүргөндүктөн, эми гана колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG