Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Кыргыз-тажик журналисттери чек ара темасын чагылдырууну үйрөнүп жатышат


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына жакын жерлерде иштеген журналисттер тобу Тажикстанда чогулуп, атайын окуудан өтүп жатышат. Иш-чараны Deutsche Welle академиясы уюштурган.

Медиа тармакта эмгектенгендер чек ара көйгөйлөрү тууралуу макала жазуу менен жаңжалдын ырбап кетүүсүнө салым кошпоо, чек аралаш аймак калкынын мамилесин чыңдоо жаатында тажрыйбалуу тренерлерден сабак алышууда. Окутууга эки мамлекеттен 10дон журналист чакырылган. Журналисттер үчүн 14-апрелде башталган тренинг үч күнгө созулат.

Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда тактала элек жерлерге байланыштуу тез-тез чыр-чатак катталып турат. Май айында буга чейин эки өлкө тарабынан такталган 520 чакырым чек араны бекитүү үчүн эки өлкө башчыларынын кол койору күтүлүп жатканы да кабарланган (JsA)

XS
SM
MD
LG