Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Төрагага талапкерлерди коалиция карайт


Kyrgyzstan - Parliament. Jogorku Kenesh. 2015
Kyrgyzstan - Parliament. Jogorku Kenesh. 2015

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы парламент спикерине талапкерлерди коалициянын жалпы депутаттарынын шайлоосуна коюуну сунуштоодо. Мындай пикирин “Азаттыкка” аталган фракциянын депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

-Талапкерлерди баары бир коалиция карап, эки талапкердин бирин эле калтырышыбыз керек. Бирок “Кыргызстан” фракциясы мындай сунушка макул болбой жатат. Анткени менен маселе коалициянын чечимине жараша болот.

Икрамов кошумчалагандай төрага маселесин көпчүлүк коалиция келе жаткан жумада карайт.

13-апрелде Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери кызматтык орунун өз ыктыяры менен тапшырып, учурда бул орунга “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги жылдырылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG