Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

АКШнын коргоо министри Түштүк Кытай деңизине барат


Эштон Картер.
Эштон Картер.

Кошмо Штаттардын бул талаштуу деңизде жүргөн аскерий кемесине бүгүн барарын Эштон Картер өзү билдирди.

Бирок анын сапары бул деңиздеги аскерий турумун чыңдап жаткан Кытайдын кыжырлануусун жаратары шексиз.

Түштүк Кытай деңизинде АКШнын аскерий учактарды учуруп, кондура ала турган S. John C. Stennis кемеси жүрөт.

Коргоо министри Эштон Картердин бул кемеге сапары алдында Кытай менен Түштүк Кытай деңизи боюнча талашы бары Филиппинге жаңы аскерий жардам берерин жарыялап, бул өз кезегинде Бээжиндин нааразылыгын жараткан.

Деңиздин басымдуу бөлүгүн өзүнүкү деп санаган Кытай учурда андагы талаштуу аралдарда курулуш иштерин жүргүзүп жатат.

Мунай менен газдын чоң кору бар деп болжолдонгон жана жылына 5 триллион доллардык жүк ташылган Түштүк Кытай деңизинин бөлүктөрүн Кытайдын Филиппин, Тайвань, Вьетнам, Бруней, Малазия талашып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG