Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Ооган Коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, алардын аба күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунун 40тай согушкерин өлкө чыгышындагы Нангархар провинциясында жок кылышты.

Аба соккусу кечээ кечинде провинциянын Ачин деген районунда жасалган. Бул райондун акими Галиб Мужахиддиндин айтымында, аба соккусу жасалган кезде “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жыйын куруп жатышкан болчу жана өлгөндөрдүн көбү чет элдик согушкерлер.

Ооганстандын Нангархар провинциясында акыркы кездери “Ислам мамалекети” террордук тобу менен "Талибандын" согушкерлери ортосунда айгышкан уруштар жүрүп келген.

Аналитиктердин айтымында, Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобунун катарына өткөн согушкерлердин көбү Кабулдагы өкмөткө каршы көп жылдан берки ийгиликсиз козголоңдон тажаган мурдагы талиптер. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG