Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Каримов менен Назарбаев Ташкенде жолукту


Назарбаев жана Каримов. Ташкен, 15-апрель, 2016-жыл.
Назарбаев жана Каримов. Ташкен, 15-апрель, 2016-жыл.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Ташкенге эки күндүк сапар менен келди.

Ак ордонун басма сөз кызматы кабарлагандай, казак -өзбек президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө эки тараптуу соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, аймактык коопсуздук маселелери талкууланды.

Эки лидер мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун 23-24-июнда Ташкенде өтүүчү саммитине даярдык иштерин да сөз кылышты.

Каримов Назарбаевдин Ташкенге келишин дүйнөлүк экономикадагы кризистик кырдаалды эске алганда “туура чечимдердин биргелешип издөө боюнча пикир-алышуу үчүн” зарыл иш катары мүнөздөдү.

Казак президенти өзбек борборуна Иранга жана Түркияга жасаган сапарынан соң келди. (UE)

XS
SM
MD
LG