Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Түркия Орусиянын маалымат сайтын тосмолоду


Орусия -Түркия мамилеси бузулгандан бери президенттер Эрдоган менен Путин бири-биринин дарегине бир топ ачуу сөздөрдү айтышты.
Орусия -Түркия мамилеси бузулгандан бери президенттер Эрдоган менен Путин бири-биринин дарегине бир топ ачуу сөздөрдү айтышты.

Түркиянын бийликтери Орусиянын мамлекеттик “Спутник” маалымат агенттигинин интернеттеги сайтын тосмолоду. "Спутниктин” Түркиядагы бөлүмүн башкы редактору Махир Бозтепенин билдиргенине караганда, аталган агенттиктин жалгыз түрк тилиндеги гана эмес, башка 31 тилдеги сайттарынын баары тосмолонуп жатат.

Түркиянын телекоммуникация жана интернет тармагын тескеген мамлекеттик мекемеси азырынча эч кандай комментарий бере элек. Анкаранын бул кадамы Орусия менен Түркиянын былтыр ноябрда орусиялык аскерий учак атып түшүрүлгөндөн кийин бузулган мамилесин дагы тереңдетчүдөй.

Түркия-Сирия чек арасындагы бул окуядан кийин Москва Анкарага каршы экономикалык санкцияларды киргизген. Ал эми медиага байланыштуу абал азыр Түркияда жакшы эмес.

Түрк журналисттеринин өздөрү жана адам укугун коргоочулар оппозициячыл басма сөзгө кысым болуп көрбөгөндөй күчөгөнүн айтып келишет.

Акыркы айларда бир нече оппозициячыл гезит жабылды же конфискацияланды. Бийликтер террористтик ишмердик менен алектенип жатат деп айыптаган айрым теле-радио компаниялардын иши да токтотулду. (UE)

XS
SM
MD
LG