Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Бабанов: ЖК иш башкармалыгы чабал жумуш жүргүзүүдө


“Республика – Ата-Журт” фракциясы Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкуловдун кызматтык ордуна татыктуулугу тууралуу маселени чоң жыйынга алып чыгат. Бул тууралуу бүгүн фракциянын отурумунда маалым болду.

Фракция лидеринин айтуусунда, депутаттардын көпчүлүгү кызматтык унаалардан баш тартканына карабай, иш башкармалык өзү каалагандай унааларды колдонуп жатат. Бабанов буга иш башкармалыктын жетекчиси Алмаз Кожомкулов жана анын орун басары бирден кызматтык унааны айдоочусу менен колдонуп жүргөнүн мисал келтирди.

- ЖКнын иш башкармалыгы 800 миллион сомдук бюджети бар мекемени башкарып жатат. Бир дагы министрликте мынчалык каражат жок. Депутаттар кызматтык унаа жана батирлерден баш тартып отурган учурда, иш башкармалыктын штаты кыскарган жок. Биз оптимизацияга бардыгын эсептеп туруп барабыз.

Жыйынтыгында “Республика – Ата-Журт” фракциясы үч депутаттан турган изилдөө тобун түзүү чечимин кабыл алып, иш башкармалыктын ишин толук изилдеп чыгууга токтолду. Ал эми Алмаз Кожомкуловду кызматтык ордунда калтыруу же калтырбоо маселесин пленардык жыйынга алып чыкмай болду. (SDz)

XS
SM
MD
LG