Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Чек арадан кармалган жаран Башкы прокурордун иниси болушу мүмкүндүгү айтылууда


Кыргыз-казак чек арасында маңзат ташып бараткан Эрмек Жолдубаев аттуу кыргыз жараны кармалды. Айрым маалыматтарда ал Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаеванын иниси болушу мүмкүн экендиги кабарланууда. Кармалган адамдын сурак протоколунун көчүрмөсүн жарандык активист Адил Турдукулов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жайгаштырды.

Протоколдо жазылгандай, 10-апрелде Казакстандын Кордай районунун ИИБсына билдирүү түшүп, анда Кыргызстандын 1987-жылы төрөлгөн Жолдубаев Эрмек Ырысбаевич кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жолдубаевдин оң чөнтөгүндөгү баштыкчада салмагы 2,03 граммды түзгөн маңзаты алынган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы азырынча “кармалган жаран башкы прокурор Индира Жолдубаеванын тууганы болушу мүмкүнбү,” - суроосу такталып жатканын билдирди. Ошол эле учурда баңги зат менен кармалган адамдын ысымы башкы прокурордукуна окшош болушу ыктымал экендигин да айтылууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG