Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Ысык-Көлдө баңги затка байланышкан кылмыштардын саны өстү


Колго түшүрүлгөн баңги заттары.
Колго түшүрүлгөн баңги заттары.

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлери баңги затка байланышкан 70 кылмышты аныктаган. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун билдиришинче, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 92 кг. 980 гр. баңги зат алынган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9 килограммга көп.

Баңги кылмышы менен алектенген 65 адам кармалса, анын 58и 18-55 жаштагылар. Ошондой эле 55 жаштан жогорку курактагы 6 кылмышкер, 1 өспүрүм бар.

Ысык-Көл ОИИБнын баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен жыл башынан 3 атайын адистештирилген операциялар өткөрүлүп, 17 баңги затына байланыштуу кылмыштар ачыкка чыккан. Ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүдөн 24 килограммдан ашык баңги зат алынган. (AsM)

XS
SM
MD
LG