Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Македонияда мөөнөтсүз шайлоо жарыяланды


Скопьеде демонстранттар полиция менен кагылышкан учур. 14-апрель, 2016-жыл.
Скопьеде демонстранттар полиция менен кагылышкан учур. 14-апрель, 2016-жыл.

Мөөнөтсүз шайлоо саясий туңгуюктан чыгуу үчүн Евробиримдик ортомчулук кылган макулдашууга ылайык жарыяланды.

Добуш берүү 5-июнга белгиленгенин бүгүн парламент төрагасы Трайко Веляноский билдирди.

Македониядагы саясий кризис телефон сүйлөшүүлөрдүн жашыруун жазылып алынышынан улам тутанган жаңжалга байланыштуу курчуп кетти. Антишке ушул аптада президент Георге Иванов телефон сүйлөшүүлөрдүн жашыруун жазылышына катышы бар делген 56 расмий өкүлгө мунапыс бериши себеп болду.

Акыркы үч күндөн бери оппозициянын президент чечимине каршы нааразылык демонстрациялары борбор шаар Скопьеде кагылышуулар менен да коштолду.

Македониянын бийликтеги партиясы башка ири үч партия менен биригип, президенттен чечимин кайра кароону суранышарын, оппозиция болсо мөөнөтсүз шайлоону өткөрбөө аракетине киришерин ырастоодо.

Кырдаалга АКШ менен Евробиримдик да тынчсыздануу билдирди. Мурдагы Югославиянын бир республикасы болгон Македония Евробиримдикке кошулууга кызыкдар. (UE)

XS
SM
MD
LG