Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Немис өкмөтү Түркия арызданган куудулдун ишин кароого макул


Президент Режеп Эрдоган жана куудул Ян Бемерман

Президент Режеп Эрдоган жана куудул Ян Бемерман

Немец канцлери Ангела Меркел бүгүн билдиргендей, Германиянын өкмөтү куудул Ян Бемерманды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Түркиянын өтүнүчүн кабыл алды, ал эми анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот чечет.

- Германия өкмөтү Түркияга мыйзам үстөмдүгү, бийликти бөлүштүрүүнү, плюрализмди эскертүүнү уланта берет. Биз сөз эркиндиги, соттун көз карандысыздыгы Европа сыяктуу эле башка демократиялык дүйнөдөгү өнөктөш мамлекеттерде кепилденишин көздөйбүз, - деди Меркел жума күнкү басма сөз жыйында.

Түркия өкмөтү Германиядагы таанымал куудулдардын бири Ян Бемерман 31-март күнү немистердин коомдук ZDF каналындагы телешоусу учурунда окуган сатиралык ырынын мазмунун президент Режеп Тайып Эрдоганды кордоо катары эсептеп, кылмыш деп санайт. Куудул ырында Эрдоганды “кесипкөй акмак" деп атаган.

Расмий Анкара куудулду Германиянын Кылмыш кодексинин “чет мамлекеттин органдарын жана өкүлдөрүн кордоо” беренеси боюнча жоопко тартууну талап кылууда. Анда акчалай айып салуу, же үч жылга эркинен ажыратуу каралган.

Канцлер Меркел белгилегендей, Кылмыш кодексиндеги өтө сейрек колдонулган бул 103-берене 2018-жылга карата жоюлат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG