Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Тажикстанда “Президенттин күнү” жөнүндө мыйзам жактырылды


Акыркы кезде Тажикстанда Эмомали Рахмон тууралуу китептер байма-бай чыгууда.
Акыркы кезде Тажикстанда Эмомали Рахмон тууралуу китептер байма-бай чыгууда.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы бүгүн жактырган мыйзамга ылайык, "Президенттин күнү” 16-ноябрда белгиленет, бирок эс алуу күнү катары саналбайт.

Тажикстандын Жогорку Кеңешинин сессиясы 1992-жылы 16-ноябрда Кожент шаарында ачылып, үч күндөн соң Рахмонду төрагалыкка шайлаган.

Былтыр декабрда Тажикстанда атайын мыйзам менен Рахмонго “улут көсөмү” макамы ыйгарылып, президент өзү жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өмүр боюу кол тийбестик укугун алды.

Ал эми 22-майга мерчемделген референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси коюлууда. Ал өзгөртүү Рахмондун президенттик мөөнөтүн чектебейт. Ал мамлекет башчылыкка төртүнчү ирет 2013-жылы шайланган. (UE)

XS
SM
MD
LG