Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:44

Ташкентте өтчү дзюдо боюнча мелдешке 12 балбан кетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Кабыл Макеш билдирди. Кечээ башталган таймашта Кыргызстандан барган 60 килограмм салмактагы Отар Бестаев коло байге үчүн күрөштө утулуп, бешинчи орунга татыды. Кыздардан Ксения Белдягина дагы 7-орунду ээледи.

Бүгүн 81 килограмм Салмакта Владимир Золоев, 90 килограмм салмакта Азамат Бектурсунов, 100 килограмм салмакта Чынгыз Мамедов, оор салмакта Азиянын күмүш медал ээси Юрий Краковецкий таймашка чыгат. Кыздардан Универсиаданын жеңүүчүсү Нагира Сарбашева күрөшөт.

Бул таймаштын катышуучулары Олимпиада оюндарына жолдомо алууга упай топтошот. Азия чемпионаты 17-апрелде аяктайт. (AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG